Трамп Италияда

АКШнын президенти Дональд Трамп чыккан биринчи өлкө тышы сапарынын үчүнчү аялдамасы Италияда..

738469
Трамп Италияда

.

Дональд Трамп  Рим жана Ватиканда жолугушууларды өткөрүүдө. Президент Трамп биринчи болуп католиктердин руханий лидери жана Ватикан мамлекет башчысы Папа Френсис менен атайын бир жолугушуу өткөрдү. Жарым саатка жакын созулган жекеме  - жеке жолугушууда тараптар келишпестик болгон темаларга токтолушту.

Папа Френсис менен АКШнын президенти Трамп качкындар саясаттары, капиталисттик экономикалык система жана климаттык алмашууга байланыштуу карама – каршы көз караштары менен билинет.

Папа Френсис Трамптын качкындарга карата катуу саясаттары жана Мексика чек арасына дубал тургузуу пикирин сынга алып : «Дубал тургузууну ойлогон киши христиан боло албайт»,- деген. Папа акыркы болуп Америка армиясынын атомдук болбогон эң күчтүү бомбасына «Бардык бомбалардын энеси»,- деп атоосуна каршылык көрсөтүп : «Эне өмүр берсе бул өлүм алып келет»,- деген.

Президент болуп шайлангандан кийин папа менен чыр  - чатакка киргенден алыс турган Трамп талапкерлик мезгилинде болсо Френсиске бир диний лидердин башка бирөөнүн ишеничин териштирүүнүн уялтуучу экендигин айтып жооп берген болчу. Трамптын бул сөздөрүнөн чыккан араздашуудан улам Ватикан сапарын өткөрүү үчүн абдан аракет кылгандыгы белгиленүүдө.

АКШнын президенти Ватикандагы жолугушууларынан кийин Италиянын президенти Серджо Маттарелле жана Италиянын премьер – министри Паоло Гентилони менен жолугушат.

Дональ Трамп жана коштоосундагылар кечки сааттарда НАТО лидерлер саммити үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барат. Трамп НАТО саммитинен кийин чоң жетилер лидерлеринин саммити үчүн кайрадан Италияга барат. Дональд Трамптын Римдеги жолугушууларынан улам борбор шаардагы коопсуздук чаралар эң жогорку деңгээлге  чыгарылды.

Бир тараптан Трампка каршылар борбор шаар Римде митинг өткөрүштү. Митингчилер президент Трамп жана АКШга каршы ураандар менен жүрүштү.



Тектеш кабарлар