Англияда катуу жардыруу болду

Англияда террордук кол салуу болду!...

737274
Англияда катуу жардыруу болду

Англияда террордук кол салуу болду!...

Англиянын Манчестер шаарынын эң чоң концерт аянты Манчестер Аренада түндө болгон жарылуудан көпчүлүгү балдардан турган 22 киши каза таап, 50дөн ашуун киши жаракат алды.

Премьер-министр Тереза Мэй, полиция «окуяны коркунучтуу террордук кол салуу» деп айтканын жарыялады.

Мэй, жаралуулардан көпчүлүгүнүн абалы оор экенин белгилеп, эркек экени белгиленген жан кечтинин өзү жалгыз бекен же группа менен кыймыл кылганынын азырынча тактала электигин айтты. Премьер-министр Мэй, полициянын жан кечтинин өздүгүн тактаганын, террордук уюмдар менен байланышынын изилденип жатканын маалымдады.

Премьер-министр Тереза Мэй, 8-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн жүргүзүп жаткан өнөктүктөрүн токтотту.

Полиция булактары да кол салгандын бир киши экенин, үстүндөгү жарылуучу аппаратты жардыргандан кийин окуя болгон жерде жан бергенин маалымдоодо.

Кол салуу америкалык ырчы Ариана Гранденин концерти бүтөөрү менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35те болду.

Миңдеген кишилик концерт аянтында каза тапкандардын арасында балдар да бар.

Катуу жарылуудан кийин дүрбөлөң башталды. Бошотулган аянтка тез жардам унаалары жана полициялык топтор келишти.

Кол салуунун жан кечти тарабынан кылынганы божомолдонууда.

Манчестер Аренага жакын жерге жайгаштырылган шектүү аппарат да бомбаны зыянсыздаштыруучу топтор тарабынан зыянсыздаштырылды.

Бул окуя боюнча Лондондо кризисти башкаруу бөлүмү түзүлдү.

Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлери да Манчестер полициясы менен шашылыш жыйын өткөрдү.

Орусиянын маалымат агенттиги ТАСС, Ирак басма сөзүнө таянып берген маалыматында террор уюму ДЕАШтын социалдык медиа тармагынан бөлүшкөн видео менен Манчестердеги кол салууну моюнга алганын жарыялады. Иракта чыгуучу «Акбар» гезити ДЕАШтын кол салууну бир видео жарыялап моюнга алганын жазып чыккан.

Бул учурда Америка Кошмо Штаттарынын Лондондогу элчилиги Англиядагы жарандарын эскертип, элчиликке кайрылууга чакырык салды.

Окуя 2005-жылы борбор шаар Лондондо метродо болгон жана 56 киши каза тапкан кол салуудан кийин өлкөдө болгон эң чоң террордук кол салуу катары катталды.



Тектеш кабарлар