Женевада Сирия тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды
Бириккен Улуттар Уюмунун карамагындагы Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 6-айлампасы кечээ Швейцариянын Женева шаарында башталды.

Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталды.
Бириккен Улуттар Уюмунун карамагындагы Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 6-айлампасы кечээ Швейцариянын Женева шаарында башталды.
БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мистура, коопсуз аймактардын тынчтыкчыл чечим табууга салым кошо ала турганын айтты.
Жогорку сүйлөшүү комитетинин жетекчиси Наср эл-Харири жетектеген оппозициянын делегациясы жана Бешшар Жафери жетектеген Асад режиминин делегациясы түздөн-түз жолугушпайт, Де Мистуранын арачлыгы менен сүйлөшөт.
Сүйлөшүүлөр 6 жылдан бери уланган Сириянын жарандык согушуна тынчтыкчыл чечим табуу максаты менен Бириккен Улуттар Уюмунун карамагында башталды.
Женева тынчтык сүйлшүүлөрүнүн мындан мурдагы айлампалары ийгиликсиз болгон.
Сирияда 2011-жылдан бери уланган жарандык согушта жүз миңдеген киши каза болду, миллиондогон киши да жеринен ажырады.
Казакстандын борбор шаары Астанада 4-майда кепил өлкөлөр Түркия, Орусия жана Иран, Сирияда оппозициячылдар менен режим күчтөрүнүн ортосунда салгылашуулар эң күчөгөн аймактарда 4 «ок атышпоо аймагы» жана бул аймактардын чек араларын бойлой «коопсуз аймактар» түзүлүүсүнө чечим чыгарышкан.