Бразилияда чукул абал жоюлду

Бразилияда зика вирусунан улам 18 ай мурда жарыяланган чукул абал жоюлду.

730945
Бразилияда чукул абал жоюлду

 

Саламаттык сактоо министрлигинен бир жетекчи Аделсон Кавалсанте зика вирусуна жол ачкан чиркейлерге каршы жүргүзүлгөн эмгектердин жардамы менен январь айынан апрель айынын ортосуна чейинки процессте мурунку бир жылдын ушул эле мезгилине караганда зика оорулууранын 95 пайызга азайгандыгын билдирди.

Вирустан улам 2015 -  жылы ноябрь айында жарыяланган чукул абалдын жоюлгандыгын белгилеген Кавалсанте : «Чукул абалдын аякташы байкоо жана жардамдар бүттү деген мааниге келбейт»,- деди.

Зика вирусунун кош бойлуу аялдарга жугушу менен бөбөктөрдүн микроцефалия менен төрөлүшүнө себеп болгондугу болжолдолууда. Дененин ысышы, көздөрдүн кызыруусу, кусуу, баш, булчуң жана муундардын оорусу сыяктуу белгилери болгон оорунун өзүнчө дарылоо же вакцинасы жок.



Тектеш кабарлар