Иракта качырылган жарандар эркин койо берилди

Багдатта ким экендиги белгисиз куралдуу топтор качырган университет студенти 7 активист эркин койо берилди.

729530
Иракта качырылган жарандар эркин койо берилди

Ирактын борбор шаары Багдатта ким экендиги белгисиз куралдуу топтор качырган университет студенти 7 активист эркин койо берилди. Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ким экени азырынча белгисиз кишилер тарабынан качырылган студенттердин эркин койо берилгендиги белгиленди.

Багдат полициясынын патрулдук директору Муеййед Темими : «Студенттердин саат 01:30да Багдатка караштуу Тажи аймагында көздөрү менен колдору байлануу көчөгө ташталгандыгын кабар алдык. Окуя болгон жерге барып студенттерди алдык жана үй – бүлөлөрүнө тапшырдык»,- деди.

Эркин койо берилгендердин арасындагы Хамза Али болсо эки күн колдору менен көздөрү жабык түрдө кыйноого дуушар болушкандарын айтты. Али өздөрүн качырган кишилердин мындан кийин митингдерге катышпоолору керектигин айткандыгын билдирди.

Студенттерди качырган тараптын шиит куралдуу күчтөрүнө караштуу топтордун бирөөсү экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар