Афганстанда жардыруу болду
Жардырууда 7 жаран каза тапты
729712
Афганстандын батышындагы Герат аймагынын Адраскан районунда болгон жарылууда 7 жаран каза болду. Герат коопсуздук директорлугунун катчысы Абдул Ахад Вализадех Адраскандын Хан Харбанд аймагында жол жээгине жайгаштырылган бомбанын жарандарды ташыган унаа өтүп бараткан учурда жардырылгандыгын айтты.
Жардырууда 7 жарандын каза болгондугун белгилеген Вализадех каза болгондордун экөөсүнүн бала экендигин белгиледи.
Вализадех бомбанын Талибан террордук уюм тарабынан коопсуздук күчтөрүнө карата жайгаштырылгандыгы аныкталгандыгын баса белгиледи. Уюмдан болсо азырынча билдирүү келе элек.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.