ДЕАШтын лидери Абдул Хасиб Нангархарда өлтүрүлдү
Хасиб Хафыз Саид Хандын өткөн жылы Америка күчтөрү жасаган абадан кол салуусунда каза болушунан кийин уюмдун лидери болгон.
Террордук уюм ДЕАШтын Афганстандагы лидери Абдул Хасиб Нангархар аймагында өлтүрүлдү.
Афганстандын президенттик офиси тарабынан берилген маалыматта Хасибдин афган атайын күчтөрү тарабынан 10 күн мурда жүргүзүлгөн операцияда таасирсиз абалга алып келингендиги билдирилди. Маалыматта Хасибдин март айында борбор шаар Кабулдагы бир аскердик ооруканага жасалган кол салуудан жооптуу экендиги белгиленди.
Жалпы өлкөдө террордук уюмдарга карата операциялардын жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленген маалыматта операцияларда жүздөгөн террористтин өлтүрүлгөндүгү билдирилди. Маалыматта эч бир террордук топтун Афганстанда максатына жетпей тургандыгы баса белгиленди.
Хасиб Хафыз Саид Хандын өткөн жылы Америка күчтөрү жасаган абадан кол салуусунда каза болушунан кийин уюмдун лидери болгон.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.