Орусия менен Ирандын ортосунда жогорку деңгээлдеги жолугушуу

Александр Лаврентьев менен Али Шемхани жолугушту

721756
Орусия менен Ирандын ортосунда жогорку деңгээлдеги жолугушуу

Орусиянын президенти Владимир Путиндин атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Али Шемхани менен Тегеранда жолугушту.

Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө караганда, Лаврентьев менен Шемхани жолугушууда Сирия маселеси менен катар эки өлкөнүн ортосундагы саясий жана аскердик байланыштарды талкуулашты.

Жолугушууда Иран, Сирия жана Орусиянын ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкка көңүл бурулуп, Казакстандын борбор шаары Астанада жүргүзүлгөн Сирия темалуу сүйлөшүүлөрдүн, ок атышууларды токтотууга карата таасири да баса белгиленгени айтылды.

Иран, Орусия жана Сириянын коргоо министрлери Сириядагы кырдаалды сүйлөшүү үчүн кечээ Москвада жолугушушкан болчу.



Тектеш кабарлар