Трамп, H-1B виза программасынын кайра каралып чыгышы тууралуу токтом чыгарды

Дональд Трамп, квалификациялуу чет өлдик жумушчуларга АКШда иштөө укугун берген H-1B виза программасынын кайра каралып чыгышы үчүн токтом чыгарды.

716174
Трамп, H-1B виза программасынын кайра каралып чыгышы тууралуу токтом чыгарды

АКШнын президенти Дональд Трамп, квалификациялуу чет өлдик жумушчуларга АКШда иштөө укугун берген H-1B виза программасынын кайра каралып чыгышы үчүн токтом чыгарды.

Трамп: «Американын товарын ал, америкалык жумушчуну иштет» аттуу токтомго Висконсин штатындагы бир ишканада өткөрүлгөн иш-чарада кол койду.

Чет элдик жумушчулардын АКШда иштөөлөрүн мыйзамдуу кылган H-1B виза программасына жана мамлекетке кызматка алуулар тууралуу токтомго америкалыктарды коргош үчүн кол койгонун белгилеген Трамп, ташталган кадамдын «АКШдан чыккан товарлардын колдонулушу боюнча күчтүү шыктандыра турганын жана өндүрүш үчүн америкалык жумушчулардын ишке алынышын камсыздай турганын», айтты.

Ак үйдүн интернет барагында жарыяланган Президенттик токтомунда: «Аткаруу бутагынын саясаттары, экономикалык жана улуттук коопсуздукту колдоого алуу, экономикалык өсүүнү ылдамдатуу, жакшы айлык акы берген жумуш орундарын жаратуу, ортоңку катмарды күчтөндүрүү жана Американын өнөр жай жана коргоо индустриясынын жанында орун алышы үчүн федералдык жардамдар жана алуулар аркылуу АКШда өндүрүлгөн товарлардын, аппараттардын жана материалдардын колдонулушун эң жогорку деңгээлге жеткирүү болушу зарыл»,деп жазылган.

Айрыкча токтомдо АКШнын Мамлекеттик департаменти, Адилеттик, Эмгек жана иш коопсуздугу министрликтерине чет элдик жумушчуларга карай эрежелерди америкалык жумушчылардын укуктарын коргогудай түрдө жаңылоолору же жаңы эрежелерди даярдоолору буйругу берилди.

Адистер, АКШга жыл сайын 85 миң чакты чет элдик квалификациялуу жумушчунун келгенине шилеме кылып, H-1B программасынын чектелишинин технологиядан баштап саламаттык сактоо жана бир топ тармаккка терс таасир тийгизе турганын белгилешүүдө.



Тектеш кабарлар