Англияда эрте шайлоо

Ыктымалдуу жеңиш Мейдин абалын дагы да күчтөндүрүшү мүмкүн.

715421
Англияда эрте шайлоо

Англиянын премьер – министри Тереса Мей өлкөдө 8 -  июнда эрте шайлоо өткөрүүгө чакырды. Тереса Мей  Бириккен Brexitтен (Королдуктун Европа Биримдигинен) чыгышынан кийин өлкөсүнүн «тактык , ырааттуулук жана күчтүү лидерликке муктаж экендигин» айтып муну чечүүнүн бир гана жолунун эрте шайлоо экендигин белгиледи.

«Вестминстерде бөлүнүүнүн ордуна биримдикке муктажбыз»,- деген Мей азыркы өкмөттүн Brexit сүйлөшүүлөрү тууралуу туура бир план экендигин белгиледи. Мей өлкөдө 8 -  июнда эрте шайлоону күткөн долбоорду да эртең общиналар палатасына сунуштай тургандыгын билдирди. Өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда Мейдин Консерватор партия негизги оппозициялык партия Жумушчу партиясынан алдыда. Ыктымалдуу жеңиш  Мейдин абалын дагы да күчтөндүрүшү мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар