Түндүк Кореянын «чоң окуясы» 5 миң турак жай проектиси болуп чыкты

5 миң турак жай муктаждарга акысыз бөлүштүрүлөт

712964
Түндүк Кореянын «чоң окуясы» 5 миң турак жай проектиси болуп чыкты

 

Түндүк Корея башкаруусу өлкөдөгү 200 чет элдик басма сөз кызматкерине чакыруу жиберип бейшемби күнү чоң жана маанилүү бир окуя үчүн даярданууга чакырган. Бул чакыруу кызыгуу жаратып жана батыш медиасында «жаңы бир курал сынагы жасалат» деген ой жаратты. Бирок «окуянын» турак жай проектисинин ачылышы экендиги ортого чыкты.

Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг – Ун борбор шаар Пхеньяндагы Риомионг проспектисиндебасма сөз кызматкерлеринин коштоосунда 5 миңге жакын турак жай проектисинин ачылышын аткарды. Ачылуу он миңдеген түндүк кореялык катышкан көркөмдүү азем менен ишке ашты. 5 миң турак жай муктаждарга акысыз бөлүштүрүлөт. «Айдыңдашуу» деген мааниге келген Риомионгпроект Рионгиангдын алдыңкы проектилеринин бирөөсү.



Тектеш кабарлар