БУУнун Сирия долбоору вето кылынды

Долбоор АКШ, Англия жана Франция тарабынан даярдалган

711875
БУУнун Сирия долбоору вето кылынды

Орусия Сирия режиминин Идлиб шаарынын Хан Шейхун аймагында өткөн жумада болгон химиялык курал менен кол салуусун айыптап териштирилүүсүн каалаган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечим долбоорун вето кылды.

Долбоор АКШ, Англия жана Франция тарабынан даярдалган. Долбоордо Асаддын 4 -  апрелдеги аба операциялары тууралуу бардык учуу маалыматтары менен  командирлик  тизмесин бериши, химиялык кол салуу менен байланышы бар экендиги ойлонулган аскердик комплекстерде иликтөөнүн жүргүзүлүшүнө уруксат бериши талап кылынууда.

Орусия текстти «кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү жана вето кылды. Долбоорго Орусия менен бирге убактылуу мүчөлөрдөн Боливия да кабыл болбогон добуш берди. 10 мүчө долбоорго колдоо берсе да туруктуу мүчө Орусиянын ветосунан улам текст четке кагылган болду.

Орусия Сириядагы жарандык согуштун башынан бери БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сегизинчи жолу Сирия чечим долбоорун четке каккан болду. Туруктуу мүчөлөрдөн Кытай бул жолу вето тууралуу Орусияга кошулбастан арсар добуш берди.

Эфиопия менен Казакстандын да арсар добуш бергендигине көңүл бурулду. Коопсуздук Кеңешинин залында катуу талаш  - тартыштар да болду.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли  Асаддын тынчтыкты ойлобогондугун, Орусиянын, Ирандын жана Хизбуллахтын аны колдогондугун айтты. Хейли : «Асад менен Сирия өкмөтү Сирияда коркунучтуу кыймылдарыңардан кийин дүйнөдө эч бир досуңар калган жок. АКШ кыймылдарыңарды абдан жакындан иликтеп жатат. Шылтооңорго эч көңүл бурулбайт»,- деди.

Америкалык булактар Орусияны кол салуунун химиялык курал менен ишке ашыргандыгын жаап жашырууга аракет кылган Сирия режимине колдоо берүү менен күнөөлөп жатат.

Канаданын тышкы иштер министри Крайсти Фриленд да БУУдагы системалуу тоскоолдуктун Сириядагы зулумчулукту аткаруучуларынын эсеп беришине бөгөт болгондугун билдирди. Министр Фриленд Орусиянын Сирия тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечим долбоорун сегизинчи жолу вето кылышына байланыштуу берген маалыматында чыга турган жыйынтыктан санааркагандыгын белгиледи.

Фриленд : «Канада катары Орусия жана Иранды Асад режиминин колдоочулары катары бул мыйзам тышы курал колдонууну айыптаган эл аралык коом менен жолугушууга чакырабыз»,- деди. Бир тараптан Орусия да бул тууралуу өзү даярдаган долбоорду бүгүн расмий түрдө кеңешке сунуштады. Орусиядан азырынча долбоордун качан добуш берүүгө сунушталарына байланыштуу маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар