Европа Биримдиги Иранга карата санкцияларын узартуу чечимин чыгарды

Европа Биримдиги Иранга адам укуктарын бузуусунан улам санкциясын дагы бир жылга узартуу чечимин чыгарды

710589
Европа Биримдиги Иранга карата санкцияларын узартуу чечимин чыгарды

Европа Биримдиги Иранга адам укуктарын бузуусунан улам санкциясын дагы бир жылга узартуу чечимин чыгарды. 

Европа Биримдиги  кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Иранда болгон "олуттуу адам укуктарын бузуудан " улам ишке ашырылган чектөөнүн убактысын 2018 -  жылдын 13 -  апрелине чейин узартуу чечиминин чыгарылгандыгы билдирилди. Маалыматта Европа Биримдигинин Иран  санкция тизмесинде мал  - мүлкүнө чек коюлган жана виза алышына тыюу салынган бир фирма менен сексен эки кишинин бар экендиги, айрыкча өлкөгө ичкериде кысым элементи катары колдонууга боло турган каражаттар жана тыңшоочу технологиялардын экспортуна тыюу салынгандыгы белгиленди. 

Бул санкциялар биринчи болуп 2011 - жылы Иранда митингчилердин жана адам укуктарын коргоочуларды кысымга алуу максатында башталган. Европа Биримдигинин атомдук программасынан улам Иранга каршы жасаган экономикалык жана финансылык санкциялар болсо жоюлду. 

 

 



Тектеш кабарлар