Жалпы дүйнөдө жетим балдардын саны 140 миллион

Күн сайын 10 миңге жакын бала жетим болуп жатат

707409
Жалпы дүйнөдө жетим балдардын саны 140 миллион

БУУнун Балдарга жардам фонду UNICEF жана жарандык коом уюмдарынын жүргүзгөн иликтөөлөрү жалпы дүйнөдө 140 миллиондон ашуун баланын согуштарда же табигый апааттар менен үй  - бүлөлөрүн жоготкондугун, бул балдардын жетим  болуп жашап жаткандыгын көрсөттү.

Иликтөөлөргө караганда бир топ өлкөдө улантылып жаткан согуштар, кагылышуулар, кургактык, жугуштуу оорулар сыяктуу себептер менен күн сайын 10 миңге жакын бала жетим болуп жатат. Бул да жыл сайын 3, 5 миллионго жакын жетим баланын ортого чыккандыгын белгилеп жатат.

Афганстан, Ирак жана Сирия сыяктуу миллиондогон кишинин каза болушуна себеп болгон согуштар болгон өлкөлөрдөгү ата  - энесиз балдардын саны башка өлкөлөргө караганда дагы жогору болушу көңүлдөрдү бурууда. Афганстанда 2 миллионго жакын, Иракта 5 миллион, Сирияда болсо 1 миллионго жакын баланын ата  - энесинен ажырап жетим болуп жаткандыгы болжолдолууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган отчетто күн сайын 5 жаштан кичүү болгон 16 миңге жакын баланын каза болгондугу белгиленди. UNICEF жарыялаган  статистикаларга караганда 2015 -  жылы 5 жаштан кичүү болгон 5,9 миллион бала согуш, оору, дары – дармек жана азыктануунун жетишсиздиги сыяктуу себептерден каза болду.

Өзгөчө акыркы жылдарда Африка өлкөлөрү менен Ирак жана Сириядагы согуштар жана кагылышуулардан качып Европа өлкөлөрүнө барган үй  - бүлөлөр менен кээ бир балдардын абалы болсо тынчсыздануунун булагы катары алдыга чыгууда.

Европа Биримдигинин полиция уюму Europolдун жүргүзгөн иликтөөлөрүнө караганда 2015 -  жылы Европага барган 1 миллион качкындын 27 пайызын балдар түзүүдө. Айрыкча 10 миңден ашуун жетим же үй  - бүлөсү жанында болбостон Европага келген балдардын жоголгондугу белгиленүүдө.

Жаштары 13 – 16 жаш арасындагы балдардын абалы жана кайда экендери тууралуу эч кандай маалыматтын  жок экендиги билдирилди. Бул балдардан 5 миңге жакынынын Италия территориясына киргенден кийин, 3 миң 500нүн болсо Германиянын терроиториясында жоголгондугу болжолдолууда. Европа Биримдигинин статистикалык офисинин маалыматтарына караганда 2008 -  жылдан бери Европага  баш калкалоочу катары келген жетим же  мыйзамдуу коштоочусу болбогон бала саны 198ге жакын.

Көпчүлүк учурда жаштары 14 – 17 арасында болгон бул балдардын көпчүлүгү Афганстан, Сомали, Эритрея, Сирия жана Ирак сыяктуу жарандык согуш жана кагылышуулар болгон өлкөлөрдөн Европага барышууда.  

Экинчи дүйнөлүк согушунан бери  бул чоң адамзаттык кризис катары кабыл алынган Сириядагы жарандык согуштан улам 18 жаштан кичүү болгон 9 миллион 200 миң бала  жардамга муктаж болуп жашоодо.

Түркиядагы баш калкалоочу борборлорунда жашаган 82 миң  сириялык балага апаат жана чукул абалдар башкармалыгы тарабынан  билим берилүүдө. Билим берүү министрлигинин колдоосу менен бала бакчадан лицейге чейин 510 миң бала көчөлөрдөн алынып мектепте билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү. Булардын 245 миңи убактылуу билим берүү борборлорунда, 182 миңи мамлекеттик мектептерде билим алууну улантууда.

Сириялыктарга карата коомдук мекемелер, жарандык коом мекемелери жана жарандар тарабына берилген жардамдар 25 миллиард долларга жеткен Түркия дүйнөдөгү сириялык баш калкалоочулардын жарымынан көбүн жалгыз багып жаткан өлкө.  БУУнун Качкындар жогорку комиссарлыгы тарабынан «дүйнөнүн эң көп баш калкалоочуну баккан өлкөсү», UNICEF тарабынан да «дүйнөнүн эң көп баш калкалоочу баланы  баккан өлкө» деп жарыяланды.



Тектеш кабарлар