Колумбияда селден каза болгондордун саны 293кө жетти

Хуан Мануэль Сантос Бириккен Араб Эмирликтерине апааттан кийин берген жардамдарынан улам рахмат айтты

707203
Колумбияда селден каза болгондордун саны 293кө жетти

Колумбиянын Мокоа шаарында болгон сел апаатында каза болгондордун саны 293кө жетти.

Колумбиянын мамлекет башчысы Хуан Мануэль Сантос Мокоада болгон сел апаатында каза болгондордун санынын 293кө жеткендигин билдирди. Сантос өлкөнүн түштүгүндөгү башкаруу аймагы Путумайонун борбор шаары Мокоадагы сел апаатына байланыштуу акыркы маалыматтарды коомчулук менен бөлүштү.

Колумбиянын мамлекет башчысы Сантос : «Тилекке каршы  апаатта каза болгондордун саны өсүп баратат. Каза болгон кишилердин саны 293 болду. 195 жаназа үй – бүлөлөрүнө тапшырылды»,- деди. Сантос апаатта жаралангандардын санынын 332ге жеткендигин, 119 кишинин дарылангандан кийин ооруканадан чыгарылгандыгын айтты. Сантос айрыкча сел апаатында жоголгон 467 кишиден 34 кишинин каза болгондугун, 119 кишинин аман – эсен табылгандыгын билдирди. Ошол эле учурда Сантос социалдык медиа аркылуу Бириккен Араб Эмирликтерине апааттан кийин берген жардамдарынан улам рахмат айтты.



Тектеш кабарлар