Ирандын мурунку президенти Ахмединежад шайлоодо талапкер болбойт

Ирандын мурунку президенти Ахмединежад 19- майда боло турган президенттик шайлоодо талапкер болбой тургандыгын, бирок саясий иштерин улантарын жарыялады

706802
Ирандын мурунку президенти Ахмединежад  шайлоодо талапкер болбойт

Ирандын мурунку президенти Ахмединежад бүгүн өткөргөн пресс – жыйынында президенттик шайлоодо талапкер болбой тургандыгын жана өз өкмөтүнүн мезгилиндеги орун басарларынан Хамид Бакайини колдой тургандыгын белгиледи. Бакайи президент болуп шайлана турган болсо  саясий ахлактын куруучусу болорун баса белгилеген Ахмедимнежад : «Чечим элдин чечими. Мен урматтуу Бакайинин  сөзсүз түрдө жогорку добуш аларын ойлоп жатам»,- деди.

«Тыштан саясий иштеримди улантам»

Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманейдин өзүнө эки уюлдуулукка мүмкүнчүлүк бербеш үчүн шайлоого катышпашы боюнча сунушу жана президенттикке талапкерлигинин бул эки уюлдуулукка жол ачып же ачпай тургандыгы боюнча суроого жооп берген  Ахмединежад : «Лидерибиз менин шайлоого кирүүмдүн эки уюлдуулукка түртөрүн айткан бирок азыр сиз айтып жаткан ысымдын кириши менен үч уюлдуу шайлоо болот. Ошондуктан лидердин көз карашына карата кыймыл кылган болдук»,- деди.

Ахмединежад колдогон Бакайинин талапкерлиги бекитилбесе башка пландарынын бар экендигин жана тыштан саясий иштерин улантарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар