Жакынкы Чыгышта террористтерге карай жүргүзүлгөн операциялар...
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн террористтерден тазалоого карай операциялар тынымсыз уланууда.
Ирактын Мосул шаарына абадан жүргүзүлгөн операцияда ДЕАШка мүчө 50 террорист жок кылынды.
Ирактын аба күчтөрүнө таандык учактар шаардагы ДЕАШтын буталарын атты.
Операцияда бир танка менен уюмга таандык имараттар жарактан чыгарылды.
Ирак күчтөрүнүн Мосулдун чыгышын ДЕАШтан куткарыш үчүн 19-февралда баштаткан операцияларынын алкагында ушул убакка дейре бир топ маала каратылды.
Аймактагы эң жаман окуялар болсо улам көбөйүп бараткан жарандардын өлүмү.
Мосулдун чыгышында ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн операциялардын, жарандардын жашоосун коркунучка салганы себеби менен АКШнын талабы боюнча токтотулганы жарыяланган.
Сирияда болсо Асад режимине таандык согуштук учактар борбор шаар Дамасктын оппозициячылдардын көзөмөлүндө болгон Чыгыш Гута аймагына кол салды. Дума жана Санкада 22 жаран каза болду. Көпчүлүгү аялдар жана балдардан турган жаралуулар болсо чөйрөдөгү талаа ооруканаларына жеткирилди.
Йеменде болсо АКШга таандык учактар 28-февралдан бери Аль-Каидага карай 70тен ашуун абадан чабуул уюуштурду.