Ырааккы Чыгышта бир балакет болгону турабы?
Түштүк Корея, АКШ жана Япония, Түндүк Кореяга каршы биргелешкен машыгуу баштатты.
Түштүк Корея, АКШ жана Япония, Түндүк Кореянын күчөп бараткан суу астында жүрүүчү атомдук кемесине каршы биргелешкен машыгуу баштатты.
Йонхап агенттигинин кабарына караганда Түштүк Кореянын улуттук коргоо министрлиги, Жежу аралына жакын жерде Түштүк Корея менен Япониянын арасындагы деңизде башталган биргелешкен машыгуунун үч күнгө созула турганын жарыялады.
Машыгууда Aegis коргонуу системасы, көп сандаган согуштук кеме жана аскердик тик учар катышканы белгиленген жарыяда, Түндүк Корея өнүктүргөн деңиздин астынан учурурулган баллистикалык ракеталарга каршы үч өлкөнүн «таасирдүү каршылык» көрсөтүүнү максаттагандары айтылды.
Бул машыгуунун Түндүк Кореянын атомдук жана ракета коркунучтарына каршы чечкиндүүлүктүн белгиси болгону жарыяланды. Түштүк Корея менен АКШ, өткөн айда да жылдык биргелешкен машыгуусун өткөргөн.
«Бала бүркүт» машыгуусу ушул айдын акырына чейин уланат.
Түндүк Корея, машыгуу башталгандан кийин Түштүк Корея жана АКШнын душмандай мамилесин уланткан учурунда атомдук куралдарын өнүктүрүүсүн уланта тургандарын жарыялаган.