Англиянын Европа Биримдигинен чыгуу процессиндеги милдеттер...

Дональд Туск, Англиянын Биримдиктен чыгуу процессинде (Brexit) милдеттеринин ЕБнин жарандары жана фирмалары үчүн белгисиздик жана кемчиликти эң төмөнкү деңгээлге түшүрүү болгонун белгилеп кетти.

703471
Англиянын Европа Биримдигинен чыгуу процессиндеги милдеттер...

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Англиянын Биримдиктен чыгуу процессинде (Brexit) милдеттеринин ЕБнин жарандары жана фирмалары үчүн белгисиздик жана кемчиликти эң төмөнкү деңгээлге түшүрүү болгонун белгилеп кетти.

Туск, Европа элдик партиясы (Христиан демократтар) конгресси үчүн барган Мальтада, премьер-министр Иосиф Мускат менен бирге маалымат жыйын өткөрдү.

ЕБ Кеңешинин төрагасы Туск жана Мускат, жыйналышта Brexit сүйлөшүү процессиндеги алдыңкы пландарын 4 берене менен түшүндүрдү.

Донльд Туск биринчи берененин Англияда жашаган ЕБнин атуулдарына карай болгонун жана алардын укуктарынын толук корголушу менен бөлүүчүлүккө дуушар болбоолорунун камсыздалышы болгонун айтты.

Экинчи берененин иш тармагына карай болгонун белгилеген ЕБнин Кеңешинин төрагасы: «Brexitтен кийин ЕБнин мыйзамдарынын эми Англияда ишке ашпай турганы чындыгынан баштап фирмаларыбыз үчүн мыйзамдуу бир боштук калтырышыбыз керек»,-деп айтты.

Үчүнчүсү катары Англиянын мүчө мамлекет катары чыгарган бардык финансылык кепилдиктери жана милдеттеринин орундатылганына ишенүүлөрү керектигин түшүндүргөн Туск, коомчулуктарга, илимпоздорго, дыйкандарга карай карыздардын төлөнүшүндө адилеттүү болушу керектигин, ЕБ катары өз убадаларын орундата тургандарынын кепилдигин бергендерин айтты.

Туск, төртүнчү жана акыркы берене болсо Түндүк Ирландия менен Ираландиянын ортосундагы ыктымалдуу маселелерге жумшак жана конструктивдүү чечүүчү жол издей тургандарын баса белгиледи.

ЕБнин кезектешкен жетекчиси Мальтанын премьер-министри Иосиф Мускад да Brexit үчүн Туск жарыялаган иш-аракет планын конструктивдүү деп мүнөздөдү.

«Brexit сүйлөшүүлөрү татаал болот, бирок бул согушка айланбайт»,-деген Мускат, бул процесстин бири-биринен алыстоо максатуу эмес арасындагы жакындыкты коргоо үчүн иштей турганын айтты.



Тектеш кабарлар