БУУ Сириядагы 4 аймактан жарандар эвакуацияланаарын жарыялады

БУУ Сирияда кагылышкан тараптардын курчоосу астындагы 4 райондон жарандардын эвакуацияланышы темасында макулдашкандарын жарыялады.

702346
БУУ Сириядагы 4 аймактан жарандар эвакуацияланаарын жарыялады

Бириккен Улуттар Уюму Сирияда кагылышкан тараптардын курчоосу астындагы 4 райондон жарандардын эвакуацияланышы темасында макулдашкандарын жарыялады.

БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хаг, журналисттерге берген маалыматында Сирияда тараптардын Дамасктын элет жериндеги Мадая жана Забадани менен Идлибдеги Фуа жана Кафраядагы жарандардын чыгарылышы темасында макулдашкандары жөнүндө маалыматтардын БУУга жеткенин айтты.

«БУУ бул макулдашуу жана сүйлөшүүнүн тарабы эмес», деген Хаг, бул төрт райондо жашаган орто эсеп менен 60 миң жарандын коопсуздугу боюнча санааркагандарын жана абалды жакындан байкап жаткандарын айтты.

Хаг ар түрдүү жарандык эвакуациянын макулдашууга таянган, коопсуз жана кааланган жерге болушу керектигин белгилеп, шарттар оңолгондо бул кишилердин кайра кайтуусуна уруксат берилишинин маанисине токтолду.

Тараптардан гуманитардык жардам жеткирген кызматкерлердин аталган аймактарга кирүүсүнө уруксат берилишин талап кылгандарын түшүндүргөн Хаг, үйлөрүнөн кеткиси келбегендердин да коопсуздугугун камсыздалышы керектигин комшучалады.

БУУ, Сирияда курчоо астындагы аймактарда жашаган жарандардын шашылыш гуманитардык жардамга муктаждыгы болгонун жарыялаган жана тараптарга гуманитардык жардамдардын кирүүсүнө уруксат берүү чакырыгын салган.



Тектеш кабарлар