Нидерландия Европа Биримдигинде чуу салды

Нидерландиянын каржы министри биримдиктин түштүк өлкөлөрү жөнүндө одоно сөздөрдү айтты.

697418
Нидерландия Европа Биримдигинде чуу салды

Евро аймагынын төрагасы жана Нидерландиянын каржы министри Йерун Дайселбулум, Биримдиктин түштүк өлкөлөрү жөнүндө одоно сөздөрдү айтты.

Дайселбулумдун бир немис журналына берген маегинде Европа Биримдигинин түштүк мүчөлөрүнүн акчаларды ичимдик жана аялдарга сарптаганын айткан сөздөрү нааразылык жаратты.  

Бул сөздөргө Италия, Греция, Испания жана Португалияда каршылык көрсөтүлдү.

Дайселбулум жикчилдик, аялдарга каршы бөлүүчүлүк, чет өлкөлүктөргө каршы душмандык кылганы менен айыпталды.

Португалиянын премьер-министри Антонио Коста Дайселбулумту кызматынан кетүүгө чакырса, Италиянын Европа Парламентиндеги төрагасы Антонио Таяни да бул абалдын кабыл алынгыс экенин айтты.

Бул айыптоолодон кийин кечирим сураган Дайселбулум жаңылыш түшүнүлгөнүн айтып, бирок кызматынан кетпей турганын билдирди.



Тектеш кабарлар