Мусулда 43 жаран "жаңылыштык" менен өлтүрүлдү

«Жаңылыштык» менен араларында балдар, аялдар менен кары – картаңдар болгон 43 жаран каза болду

697555
Мусулда 43 жаран "жаңылыштык" менен өлтүрүлдү

Ирактын Мусул шаарынын батышында акыркы 24 саатта террордук уюм ДЕАШка карата жүргүзүлгөн абадан операцияларда «жаңылыштык» менен араларында балдар, аялдар менен кары – картаңдар болгон 43 жаран каза болду. Капитан Ахмед ел  -  Хазражи Анадолу агенттигинин кабарчысына берген маалыматта бул кол салуулардын коалиция күчтөрү тарабынан жасалышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Хазражи Мусулдун батышынын террордук уюм ДЕАШтан куткарылышынын негизинде кургактыктан жана абадан жүргүзүлгөн операцияларда жарандардын жаңылыштык менен бутага алынгандыгын билдирди.

Мусулдун террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясында орун алган командирлер катыша турган коопсуздук жыйынынын өткөрүлөрүн билдирген Хазражи уюм менен күрөшүүнүн жолдору жана жарандарды коргоого байланыштуу темалардын караларын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар