Израиль палестиналыктардын Иерусалим менен болгон байланышын кабыл алды

Израиль жогорку соту Иерусалимде  төрөлгөн палестиналыктардын качкын эмес, аймактын жергиликтүүсү экендигине чечим чыгарды

693731
Израиль палестиналыктардын Иерусалим менен болгон байланышын кабыл алды

«Едиот Ахронот» гезитинин кабарына караганда көптөгөн жылдар АКШда жашап Иерусалимге  кайткан жана шаардагы туруктуу турак жайынын жаңыланышын каалаган бир палестиналык тууралуу жүргүзүлгөн доонун соту болду.

Сот Иерусалимде төрөлгөн палестиналыктардын шаар менен болгон байланышын тааныды жана алардын аймактын жергиликтүүсү экендигин билдирди.

Палестиналыктардын укугун коргоого жардамчы болору белгиленген чечимдин соттук тажрыйба экендиги белгиленүүдө. Израиль мыйзамдары боюнча Иерусалимдеги палестиналыктар «жаран» эмес, «жашагандар» деп аталууда.

Өлкө тышында 7 жылдан ашуун жашаган палестиналыктардын Иерусалимдеги  жашоо мөөнөтү аяктап баратат. Израиль бул мыйзамга таянып 1967 -  жылдан бери Иерусалимде миңдеген палестиналыктын жашоо уруксатын жойгон.

 



Тектеш кабарлар