Иранда 11 миллион киши ачарчылык менен алпурушууда

Иранда калктын чоң көпчүлүгү айлыктын аздыгынын себебинен даттанууда.

681777
Иранда 11 миллион киши ачарчылык менен алпурушууда

Иранда 11 миллион киши ачарчылык чегинде жашоодо.

Мехр маалымат агенттигинин кабарына караганда бул санды Имам Хумейни жардам комитетинин төрагасы Первиз Феттах берди.

Феттах өлкөдө эң төмөнкү айлыктын 812 миң түмен (орто эсеп менен 190 доллар) болгонун, бул айлыкты алгандардын эң керектүү муктаждыктарын дагы камсыздай албагандарын баса белгиледи.

812 миң түмен менен 8 гана күн жашоого мүмкүн экенин белгилеген Первиз Феттах, эң төмөнкү айлык алгандардын бул акча менен 30 күн жашаганга аракет кылгандарына көңүл бөлдү.

Ирандын жардам комитети да төмөнкү айлыктын арттырылышы үчүн керектүү түзөтүүлөрдүн жасалышын талап кылды.

Өлкөдө эң төмөнкү айлык 190 доллар болсо эң жогорку айлык 3890 доллар.

 



Тектеш кабарлар