Бахрейнде бомбалуу кол салуу болду

Кол салуунун өлкөнүн түштүк-чыгышында болгону билдирилди.

680509
Бахрейнде бомбалуу кол салуу болду

Бахрейнде полиция унаасына бомбалуу кол салуу болуп, андан 4 полиция кызматкери жаракат алды.

Ички иштер министрлиги, бомбалуу кол салуунун өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Жев айылына жакын жерде болгонун билдирди.

Билдирүүдө террордук кол салуудан жаракат алган 4 полиция кызматкеринин саламаттык абалынын туруктуу бойдон экени белгиленди.

Өлкөдө ушул айдын ичинде бешинчи жолу террордук кол салуу болду.


Этикеткалар: #Бахрейнде , #бомбалуу

Тектеш кабарлар