АКШда мигранттарга байланыштуу түзөтүү жасалууда

Бул туурасында Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер, күнүмдүк маалымат жыйынында жарыялады.

677516
АКШда мигранттарга байланыштуу түзөтүү жасалууда

Америка Кошмо Штаттарында Ички коопсуздук министрлигинин мыйзамсыз мигранттар тууралуу эки маалымдоо жазуусу коомдук пикирге жайылып кеткен соң, бул темага байланыштуу иштер да алгач ирет жарыяланган болду.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер, АКШда мигранттар тууралуу жаңы түзөтүүнүн тобу менен өлкөдөн чыгаруу окуясы болбогонун айтты.

Шон Спайсер Ак үйдөгү күнүмдүк маалымат жыйынындагы жарыясында АКШда мыйзамсыз жүргөн көпчүлүгү Борбордук Америкадан келген миллиондогон мигрантка байланыштуу жаңы түзөтүү туурасында, «Ички коопсуздук министрлигинин өлкөнүн түштүк чек арасын коопсуздук астына алуу үчүн таштай турган кадамдарды жарыялоодо»,деген серебин салды.

Трамп бийлигинин акыркы даярдыктарын жасаган жана Ички коопсуздук министрлигинин маалыматтандыруу жазуулары тууралуу бүгүн алгач ирет коомдук пиикирге кеңириси чагылышкан эмгектин алдыңкы планынын «мамлекет жана чек ара коопсуздугу» болгонун жактаган Спайсер, жаңы түзөтүү менен өлкөдө мыйзамдуу жүрүү укугу болбогон кишилердин эске алынганын белгилеп кетти.

Сандары 12-13 миллионго жеткени белгиленген мыйзамсыз мигранттардын арасында эң оболу кылмышка аралашкан кишилердин белгиленип өлкөдөн чыгарыла турганын жарыялаган Спайсер: «Коомго коркунуч туударган кишилер табигый түрдө биринчи каралат»,-деди.

Бул процедуралардын бекем түрдө жүргүзүлө алышы үчүн 5 миң чакты кошумча кызматкердин дайындалышы керектигин белгилеген Спайсер, керектүү бардык даярдыктардын Ички коопсуздук министрлиги жана тийиштүү берки мекемелерде координациялуу түрдө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Катчы Спайсер, калкынын көпчүлүгү мусулман 7 өлкөнүн жарандарына виза тыюу салуусун көздөгөн жана федералдык судья тарабынан ишке ашырылышы токтотулган Президенттик токтомунун ордуна сунуштала турган жаңы токтом тууралуу иштердин болсо уланганын жана эң кыска мөөнөттүн ичинде керектүү маалымдоолор жасала турганын билдирди.

Спайсер АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан Майкл Флинндин ордуна дайындалган жаңы Улуттук коопсуздук кеңешчиси, генерал-лейтенант Г.Р.Макмастер тууралуу да, «Макмастердин демократтардан дагы жана республикачылдардан дагы алган колдоосун көргөндө Президенттин канчалык туура тандоо жасаганын түшүнөсүздөр»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар