Орусиянын Трампка Крым тууралуу каршы чыгуусу
Орусия АКШнын президенти Дональд Трамптын Крым тууралуу билдирүүсүн « тынчсыздантуучу» деп билдирди

Орусия АКШнын президенти Дональд Трамптын Крым тууралуу билдирүүсүн « тынчсыздантуучу» деп билдирди. Орусия парламентинин астыңкы канаты Думанын Эл аралык карым – катнаштар комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий орус басма сөзүнө берген маалыматында Трамптын Крымды Украинага тапшыруусун күтүүсүнө карата кечээ берилген маалыматтын Орусия жана АКШ карым – катнаштары жактан тынчсыздантуучу экендигин айтты.
Орусия жана АКШ карым – катнаштарынын өнүгүшүнүн ыктымалдардын ичинде экендигин белгилеген Слуцкий : «Бирок кечээки сыяктуу маалыматтар Трамп жана группасы тууралуу жогорку күтүүлөр тынчсыздануу жаратууда»,- деди. Крым тууралуу маалыматтардын АКШнын көпчүлүк мекемеси тарабынан колдоого алынганлыгын билишкендерин белгилеген Слуцкий : «Ошондуктан Трамптын президенттигинин башында өлкөдөгү элитага каршы чыгышын да күтө албайбыз»,- деди.
Ак үйдүн катчысы Шон Спайсер кечээ берген маалыматында Трамптын : «Орусия өкмөтүнөн Украинадагы араздашууларды азайтуу жана Крымды тапшыруусун күтүп жатышкандарын»,- айткандыгын билдирген болчу.
Тектеш кабарлар

Судандагы ок атышпоо келишими дагы 5 күнгө узартылды
АКШнын Хартум элчилигинин социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.

Ирандын президентинин веб-сайты иштебей калды
Сайт эмне себептен жабылганы белгисиз, тиешелүү органдар азырынча билдирүү жасай элек.