Кытайда көмүр шахтасында жарылуу болду

Кытайда  бир көмүр шахтасында болгон жарылууда 8 кишинин сөөгү табылып, 3 кишиден кабар алына албай жатат

672016
Кытайда көмүр шахтасында жарылуу болду

Кытайдын Лиенюен шаарында көмүр шахтасында жарылуу болду. 8 кишинин сөөгү табылган шахтада кабар алына албаган 3 кишиге жетүүгө аракет кылынууда.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда өлкөнүн ортоңку бөлүгүндө жайгашкан Хунан аймагынын Лиенюен шаарындагы бир көмүр шахтасында жарылуу болду.

Tengfei Coal Mine Co. Ltd аттуу фирмага таандык экендиги белгиленген шахтада чыккан жарылууда 29 кишинин иштеп жаткандыгы жана 11 кишинин ичкериде калгандыгы билдирилди.

Жарылуудан кийин куткаруу жана саламаттык сактоо топторунун ичкериде калган 8 кишинин сөөгүн тапкандыгы жана 3 кишиден кабар алына албай жаткандыгы билдирилди. Жарылуунун себеби азырынча белгисиз.



Тектеш кабарлар