АКШда суу сактагычта пайда болгон тешиктен улам аймак бошотулууда
АКШнын Калифорния аймагында Оровилле суу сактагычында тешиктин бар экендиги байкалды
АКШнын Калифорния аймагында Оровилле суу сактагычында пайда болгон тешиктен улам миңдеген киши аймактан чыгарылды. Акыркы күндөрдө таасирдүү жааган жамгыр өлкөнүн эң бийик суу сактагычы Оровилле суу сактагычындагы суу деңгээлинин жогорулушына жол ачты.
Суу деңгээлин азайтуу үчүн сууну бошотууга аракет кылган кызматкерлер бул бөлүмүндө тешиктин бар экендигин байкашты. Жетекчилер тешиктин чоңойо башташы менен калкынын саны 16 миң болгон Оровилле кыштагы жана жакындарындагы отурукташуу жеринде жашагандарга аймактан чыгууга жана бийик жерлерге барууга чакырды. Аймакты бошотуу чечиминен кийин миңдеген киши унаалары менен аймактан чыгууга аракет кылып, жолдордо кезекте турушат. Жетекчилер суу сактагычтын жалпы абалынын жакшы экендигин, бирок суу сактагычтагы бузуктуктун коркунучтуу экендиги, маселенин чечилиши үчүн аракет кылынып жаткандыгын билдиришти.
«Los Angeles Times» гезити маселенин жоюлушу үчүн 100 – 200 миллион доллар болушу мүмкүн экендигин болжолдошууда. Калифорния губернаторлугу 1968 – жылы курулган Оровилле суу сактагычынан дыйканчылык жана отурукташуу жерлерине суу берилүүдө. Суу сактагычтагы суунун дегээли ашыкча жамгырдын жаашынан кийин биринчи жолу жогорулады.