Трамп: «АКШ күнөөсүзбү?»

Трамп Fox News телеканалында Билл О'Рейлинин суроолоруна жооп берди.

666060
Трамп: «АКШ күнөөсүзбү?»

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп, Fox News телеканалына берген маегинде өлкөсү туурасында таң калтыруучу сереп салды.

Маектешкен журналисттин «Путин кылмышкер» деген сөздөрүнө Трамп: «АКШ күнөөсүзбү?»-деп жооп берди.

Трамп Fox News телеканалында Билл О'Рейлинин суроолоруна жооп берди.

Трамп, Билл О'Рейлинин Орусиянын президенти Владимир Путинди урматтайсызбы деген суроосуна, «Көп сандаган адамды урматтаймын. Бирок бул аны менен бирге иш-аракет кылам деген түшүнүктү бербейт. Ал өлкөсүнүн лидери. Орусия менен чогу иш-аракет кылуунун, кылбоодон дагы жакшы экенин ойлоодомун»,-деп жооп берди.

Билл О'Рейлинин, «Бирок ал бир кылмышкер, Путин кылмышкер» деген сөздөрүнө болсо «Көп сандаган кылмышкер бар. Биздин да бир топ кылмышкерибиз бар. Эмне деп ойлойсуң? Өлкөбүздү күнөөсүз деп ойлойсуңбу?»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар