Англияда Brexit процессин аткаруу башталат
Европа Биримдигинен чыгуу (Brexit) процессин баштата турган 50-беренени аткаруу ыйгарым укугунун өкмөткө өткөрүлүшүн көздөгөн мыйзам долбоору добушка салынды.
Англия Парламентинде Европа Биримдигинен чыгуу (Brexit) процессин баштата турган 50-беренени аткаруу ыйгарым укугунун өкмөткө өткөрүлүшүн көздөгөн мыйзам долбоорунун алгачкы добушка салуусу өткөрүлдү.
«Brexit» мызам долбооруна байланыштуу Англия Парламентинин астыңкы баскычы Өкүлдөр палатасында башталган 2-айлампадагы сүйлөшүүлөр добушка салуулар менен аяктады.
Добушка салууда 114 каршы 498 макул добушу менен долбоордун комиссиянын сүйлөшүүсү баскычына жеткирилишине жашыл жарык жагылды.
Конституциялык соттун Brexit процессин расмий түрдө баштата турган «Лиссабон» келишиминин 50-беренесинин аткарылышынын парламенттин бекитүүсүнөн өтүшү керектиги жөнүндөгү токтому боюнча өкмөт өткөн аптада бул ыйгарым укугунун Министрлер кеңешине өткөрүлүшүн көздөгөн мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган.
Англия Парламентине сунушталган эң кыска мыйзам долбоорунан бир катары катталган текст 2 беренеден турат жана жалгыз гана ыйгарым укугунун өткөрүлүшүн көздөйт.
Brexit министри Дэвид Давис, мыйзам долбоорунун Англиянын ЕБнен чыгып чыкпоосу жөнүндө же кандай жол менен бөлүнө турганы жөнүндө болбогону, «Бир гана Парламенттин, элдин ансыз деле чыгарган чечимин аткарышы үчүн ыйгарым укугу беришин көздөгөнүн» айтты.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.