АКШ менен Мексиканын чатакташуулары

Трамп менен Мексика башкаруучулугунун ортосундагы «дубалдын финансыланышы» боюнча талаш-тартыш күчөп баратат.

660291
АКШ менен Мексиканын чатакташуулары

Мексика чек арасына дубал курулушун көздөгөн токтомго кол койгон Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп менен Мексика башкаруучулугунун ортосундагы «дубалдын финансыланышы» боюнча талаш-тартыш күчөп баратат.

Дубалдын финансыланышы тууралуу эки тараптуу билдирүүлөрдөн кийин Трамп, социалдык медиа эсеби твиттердеги жарыясында «Эгерде Мексика шашылыш муктаждык болгон бул дубалдын акчасын төлөгүсү келбесе балким алдыбыздагы жыйналышты жоюу дагы жакшы болот»,-деп айтты.

31-январда АКШнын борбор калаасы Вашингтондо эки лидерди жолугуштура турган жыйналыштын жоюла турганы жөнүндө жарыя салынганда Мексика бийлигинин «шаштысы кетти».

Мексиканын мамлекет башчысы Энрике Пена Нието да маалымат берип «АКШнын президенти алдыбыздагы күнү шейшемби күнү өткөрүлүшү пландалган жыйналышка катышпай турганымды бүгүн эртең менен Ак үйгө билдирдик»,-деди жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун уланышы керектигине ишенгенин баса белгиледи.

Ниетонун бул жарыясына Филадельфияда жооп берген Трамп: «Мексиканын президенти менен мен, алдыбыздагы аптада өткөрүлүшү пландалган жыйналыштын жоюлушу боюнча бирдей пикирде болдук. АКШга урмат-сый көрсөтпөгөн Мексика менен мындай жыйналыш өткөрүү түшүмсүз болот»,-деп айтты.

Мексиканын каржы министри Хосе Антонио Миаде болсо «Дипломатия твиттер аркылуу жүргүзүлбөйт деп ойлойм»,-деп айтып Трамптын дубал тууралуу процессти социалдык медиа эсебинен башкаруусун сынга алды.

Бир тараптан Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайер, АКШ-Мексика чек арасына салынышы пландалган дубалдын чыгымынын камсыздалышы үчүн Трамптын бул өлкөдөн импорттолгон бардык товарларга 20 пайыздык салык киргизүүнү пландаганын айтты.

Спайер бул пландын Трамптын шайлоо өнөктүгү убагында убада кылган салык реформасынын бир бөлүгү боло турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар