Трамп кол койгон беренелер эмнени көздөйт?

Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө берген убадаларын көпкө күттүрбөстөн аткара баштады.

659344
Трамп кол койгон беренелер эмнени көздөйт?

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп, шайлоо өнөктүгүндө берген убадаларын көпкө күттүрбөстөн аткара баштады.

Жаңы президент Мексика чек арасына «дубал» куруу убадаларын орундатууда.

Ак үй Трамптын Мексика чек арасына дубал курулушун көздөгөн буйрукка кол койгонун жарыялады. Анда, «Мунун өлкөгө мыйзамсыз кирүүлөргө бөгөт коюш үчүн таштала турган кадамдардын алгачкысы» экендиги жөнүндөгү сөздөрү көңүл бурду.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайер, дубалдын «АКШга кылмыш жана мыйзамсыз көч агымын» азайта турганын белгилеп кетти.

Мексиканын тышкы иштер министри Луис Видегарайдын Вашингтон сапарынын дароо алдында Трамптын буйрукка кол коюшу көңүл бурду.

Мексиканын мамлекет башчысы Пена Нието болсо Трамп менен 31-январда жолугат.

Нието кечээ сүйлөгөн сөзүндө жаңы Америка бийлиги менен карым-катнаштарынын акыбетине байланыштуу алгачкы белгилерин берди. Мексика лидери экономиканын АКШга көз карандылыгын азайткысы келгенин, Бразилия жана Аргентина сыяктуу Латын Америка өлкөлөрү менен карым-катнаштардын кайрадан түзүлө турганын айткан.

Бир тараптан Трамп кол кое турган токтом менен «Сирияда элдин корголушу үчүн коопсуз аймактардын түзүлүүсү» боюнча буйрук бере турганы айтылды.

Америка медиасында орун алган жана ачык маалымат булактарда көрүнгөн кол коюла элек президенттик токтом долбоорунда «Сирияда коопсуз аймактардын түзүлүүсү» беренеси орун алды.

«Чет өлкөлүктөрдүн террордук кол салууларынан өлкөнү коргоо» темалуу долбоордун 6-беренсинде «Сирия калкынын корголушу үчүн коопсуз аймактардын түзүлүүсү» сунушталган.

Долбоор текстинде АКШнын Коргоо министрлиги жана Тышкы иштер министрлигинин Сирияда жана коңшу өлкөлөрдө коопсуз аймактардын түзүлүүсү үчүн 3 айдын ичинде долбоор план даярдашы көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар