Орусияда жалуулук электр станциясында жарылуу болду

Жарылууда бир киши каза болду

659892
Орусияда жалуулук электр станциясында жарылуу болду

Орусиянын Пенза шаарындагы бир жылуулук электр станциясында чыккан жарылууда бир киши каза болду. Чукул абалдар министрлигинен берилген маалыматка караганда жарылууга газ аралашмасы себеп болду. Жарылуунун таасири менен станциянын чатыры 600 метр квадраттык аянтка түштү.

Энергетика министрлигинен берилген маалыматта да жарылуунун ширетүү иштери учурунда чыккандыгы жана жарылуунун натыйжасында станциядагы турбо-генераторлордон бирөөсүнүн иштен чыгарылгандыгы билдирилди. Маалыматта уранды боюнча иликтөө жүргүзүлгөндүгү жана жарылуунун себептеринин иликтенип жаткандыгы белгиленди.

Федералдык коопсуздук сервисинин Пенза аймактык башкаруусу да жылуулук электр станциясындагы 5 -  турбина жайгашкан аймакта чатырдын  кулашы менен жарылуунун болгондугун билдирди. Кулаган чатырдын газ өткөрүү түтүктөрүнө зыянын тийгизүүсү менен кырсыктын чыккандыгы билдирилген маалыматта окуянын иликтөөгө алынгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар