Эмине Эрдоган Мозамбиктеги балдар үйүндө болду

Президенттин жубайы балдар үйүнө кайрымдуулук кылды жана балдарга ар түрдүү белектерди берди.

658700
Эмине Эрдоган Мозамбиктеги балдар үйүндө болду

Президент Режеп Тайип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Мозамбикте ар башка жаш курактагы балдар жашаган жетимдер үйүнө барды.

Балдар үйүндө Премьер-министрликке караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан уюштурулган дөңгөлөктүү отургуч тапшыруу аземине катышкан Эмине Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө: «Африка менен аймактык жактан алыс болгонубузга карабастан жүрөгүбүз бирдей согот, мүмкүнчүлүгү чектелген туугандарыбыздын жашоо шарттарын бираз да болсо жакшырта алсак биз абдан бактылуу болобуз»,-деди.

«Ак ниеттүү элибиз жана мамлекетибиз Африкага жардам көрсөтүүсүн улантат»,- деген Эмине Эрдоган Африканын Түркия үчүн ар дайым бир туугандыктын мекени экенин баса белгиледи.

Президенттин жубайы андан соң балдар үйүнө кайрымдуулук кылды жана жетимдер үйүндөгү балдарга ар түрдүү белектерди берди.

Эмине Эрдоганды сапарында Түркия-Танзания Парламенттер аралык достук тобунун төрайымы Зехра Ташкесенлиоглу менен министрлердин жубайлары коштоп жүрдү.



Тектеш кабарлар