Италияда көчкү

Көчкүдө 30 киши каза болду

654963
Италияда көчкү

Италияда кечээ болгон жер титирөөдөн кийин болгон көчкүдө 30 киши каза болду. Каза болгондордун Пескара шаарынын батышындагы Ригопиано аймагында үстүнө көчкү түшкөн мейманканада эс алган кишилер менен иштеген кишилердин бар экендиги белгиленди.

Өлкөдө рихтер өлчөгүчү боюнча 5,1 жана 5,4 балл деп белгиленген жер титирөөлөрдө да уранды астында калган бир киши каза болду.

Август айында болгон жер титирөөдөн улам 300 киши каза болгон аймакта кечээ жергиликтүү убакыт боюнча 10:25терихтер өлчөгүчү боюнча 5,1 жана саат 11: 15те 5,5, саат 11:25те5,4 жан саат 14: 34тө 5, 1 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин изилдөө - куткаруу топтору Кастел Катанга аймагында уранды астында калган 83 жаштагы бир эркектин сөөгүн табышты.

Кастиглион Мессер Раимондо аймагында да өрт өчүргүч топтору бир эне менен баланы урандылар астынан куткарды.



Тектеш кабарлар