Түрк-орус парламентчилери сүйлөшүү өткөрөт

Константин Косачев орус басма сөзүнө маек куруп берди

652889
Түрк-орус парламентчилери сүйлөшүү өткөрөт

Орусия Федерациясы Кеңешинин Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Константин Косачев түрк жана орус парламентчилердин ортосунда алдыбыздагы айларда сүйлөшүү өткөрүлө турганын жана диалогдун жайга чейин башталаарын айтты.

Орус басма сөзүнө маек куруп берген Косачев: «Учурда Түркия Парламентинин Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Берат Чонкар менен эки өлкөнүн парламентчилеринин ортосунда өткөрүлө турган сүйлөшүүнүн жери жана убакыты темасында түздөн-түз диалог абалындабыз. Азырынча эки комитеттин тыгыз иштеринен улам так чечим жок. Бирок орус жана түрк парламентчилердин ортосундагы диалогдун эң жакынкы убакта башталышы эки тарапка тең пайдалуу болоору анык. Бул темада эч бир шек жок. Аты аталган сүйлөшүү жазгы отурумдар убагында б.а жайдан мурда өткөрүлөт»,-деди.

Жыйындын Орусияда дагы, Түркияда дагы өткөрүлө турганын белгилеген Косачев: «Азырынча теманы сүйлөшүп жатабыз, экөөнө тең даярбыз»,- деди. Косачев айрыкча сүйлөшүүнүн кеңейтилген форматта өтөөрүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар