Кытайда куш тумоосу

Тайвандын батышындагы Юнлин кыштагында болсо айдын башынан бери 16 тоок фермасында куш тумоосунун башка түрү болгон H5N2 вирус аныкталды

653531
Кытайда куш тумоосу

Кытайдын түштүгүндөгү Хунань жана Гуангдонг аймактарында бул айдын башынан бери берилген отчетто куш тумоосу менен ооруган 5 киши каза болду.

Хунань ооруларды текшерүүгө алуу жана алдына алуу борбору аймакта жылдын башынан бери 8 кишиден H7N9 вирусунун табылгандыгын, бул орулууларлардан 3 кишинин каза болгондугун жарыялады. Аймактын Хынгянг шаарында берилген отчетто акыркы куш тумоосу менен ооруган 36 жаштагы аялдын. абалынын олуттуу экендиги белгиленди.

Жетекчилер Гуангдонг аймагында да айдын башынан бери 11 кишиге H7N9 вирусунун жуккандыгын, оорулуулардан экөөсүнүн каза болгондугун айтты.

Тайвандын батышындагы Юнлин кыштагында болсо айдын башынан бери 16 тоок фермасында куш тумоосунун башка түрү болгон H5N2 вирус аныкталды. Аралдагы саламаттыкты сактоо мекемелери акыркы 10 күндө 60 миңге жакын канаттуунун жок кылынгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар