Айга барган акыркы космонавт каза болду

Джин Сернандын Айдагы изи 44 жылдан бери турат

653485
Айга барган акыркы космонавт каза болду

Американын авиация жана космостук мекемеси НАСА тарабынан берилген маалыматта эс алуудагы космонавт  Джин Сернан дарыланып жаткан АКШнын Хьюстон шаарындагы бир ооруканада каза болгондугу билдирилди. Маалыматта : «82 жашта да космостун ачылышы тууралуу ойлорун жоготпогон Сернан өлкө лидерлери жана жаштарына Айда  баскан акыркы киши катары калбаш үчүн колдоо берди»,- деп айтылды.

1934 -  жылы төрөлгөн Сернан НАСАнын Аполло 17 миссиясынын негизинде 1972 -  жылы декабрда  Айга барган он экинчи жана акыркы космонавт болду.

Сернан Айдан кеткенден мурда : «Келгенибиздей эле кетип баратабыз жана бардык адамзаттык үчүн тынчтык жана үмүт менен кайтып жатабыз»,- деген.

Жалгыз баласынын атынын биринчи тамгасын Ай бетине бармагы менен жазган Сернандын буттарынын изи Айда атмосферанын болбошу, шамал, жамгыр сыяктуу буттун изин өчүрө турган факторлордун  болбошунан улам 44 жылдан бери турат.



Тектеш кабарлар