Венгрияда катуу сууктан 80 адам каза болду

Венгрияда кыш өтө суук болуп жатат

648226
Венгрияда катуу сууктан 80 адам каза болду

Суук аба ырайы жашоого терс таасирин тийгизген Венгрияда катуу сууктан 80 адам каза болду.

Өлкөдө акыркы 30 жылдын эң суук кышы өтүп жатат.

Маалымдалгандай өлкөдө таасирдүү болгон суук аба 1985-жылы катталган -26 градустук рекорддон ашып өттү.

Абанын температурасы 8-январь түнү Пеште аймагында -28,1 градус болуп жаңы рекорд жаратты.

Венгер социалдык форумунун билдирүүсүндө болсо, Венгриянын жалпысында 2016-жылы күз айынан декабрга чейин 80 кишинин тоңуп каза тапканы маалымдалды.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 45 киши сууктан тоңуп каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар