Грецияда орус диломат үйүндө өлүү табылды

Полиция анын өлүм себебин иликтеп жатат.

647859
Грецияда орус диломат үйүндө өлүү табылды

Грециянын борбор шаары Афинада жогорку даражалуу орус диломат үйүндө өлүү табылды.

Грек полициясынын билдирүүсүнө караганда Орусиянын Афинадагы консулу Андрей Маланин күндүз жумушуна барган жок.

Бул боюнча анын үйүнө барган консулдуктун кызматкери, бөлмөсүндө жерде жаткан 54 жаштагы Маланинин сөөгүн көрдү.

Маркумдун денесинде уруп-кыйноонун белгилери болбогону белгиленсе да, орус дипломаттын сөөгү кардиалог тарабынан иликтенет.

Анкарада 19-декабрда орус элчи Андрей Карлов өлтүрүлүп, бир канча сааттан кийин да Москвада жогорку даражалуу дипломат үйүндө өлүү табылган болчу.

Бул окуядан 6 күндөн кийин да орус учагы көпчүлүгү Кызыл армия оркестринин музыканттарынан турган жүргүнчүсү менен Карадеңизге кулап түшкөн болчу.



Тектеш кабарлар