Мусулдан 3 күндө ичинде 4 миң 500 киши көчүп кетти

Ирактын Мусул шаарынан 3 күндүн ичинде 4 миң 500 киши үйүн таштап лагерлерге баш калкалады

647009
Мусулдан  3 күндө ичинде 4 миң 500 киши көчүп кетти

Ирактын Мусул шаарын террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясы улантылып, 3 күндүн ичинде 4 миң 500 киши үйлөрүн таштап лагерлерге баш калкалады.

Ирак Кызылайынын жетекчилеринен Ияд Рафид Анадолу агенттиги кабарчысына берген маалыматында Ирак миграция жана качкындар министрлиги менен жергиликтүү жана эл аралык жардам мекемелерине караштуу топтордун акыркы 72 сааттын ичинде Мусулдун түндүк жана чыгыш маалаларынан көчүп кеткен 4 миң 500 кишини лагерлерде тосуп алгандыгын айтты.

Рафид Ирак армиясы менен министрликке караштуу унаалардын 1500 качкынды Хазыр, 3 миңин болсо Ел – Жеда лагерине жибергендигин белгиледи.

Ирак армиясы 2014 – жылы июнь айынан бери террордук уюм ДЕАШтын текшерүүсүндөгү Мусулду куткаруу үчүн 17 -  октябрда АКШнын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн колдоосу менен операция башталган болчу. Операцияга пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова маджахиттери да колдоо берүүдө.



Тектеш кабарлар