Германияда токмок жеген сириялык бала каза болду

Бремен прокурорлугунан Франк Пассаде жаңы жыл күнү кечинде токмок жеген сириялык баланын дарыланган ооруканада каза тапкандыгын билдирди

647236
Германияда токмок жеген сириялык бала каза болду

Германиянын Бремен шаарында жаңы жыл күнү кечинде бир группа тарабынан токмок жеген 15 жаштагы сириялык баш калкалоочу каза болду.

Бремен прокурорлугунан Франк Пассад жаңы жыл күнү кечинде токмок жеген сириялык баланын дарыланган ооруканада каза тапкандыгын билдирди. Пассад окуя тууралуу териштирүүнүн улантылып жаткандыгын, бирок токмоктогон кишилер тууралуу кенен маалымат бербей тургандыгын белгиледи.

Немис медиасы болсо полициянын кол салуучулардын ичинде немистердин болбошунан улам окуянын чет элдик душмандыгынан же ашыкча оңчулдар тарабынан жасалбагандыгы тууралуу ойду ортого салды.



Тектеш кабарлар