Францияда куш тумоо
Куш тумоо коркунучуна каршы өрдөк жана каздар жок кылынат
Франция куш тумоонун коркунучуна каршы орто эсеп менен 1 миллион өрдөк жана каздын жок кылынышына чечим чыгарды.
Франциянын Айыл-чарба министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөнүн түштүк-батышында ушул учурга чейин 89 адамдын куш тумоонун вирусуна кабылганы маалымдалды.
Куш тумоонун ылдам жайылып кетүү коркунучу бар экени баса белигенген билдирүүдө, эскертүү айтылган аймактардагы тоок каналарда багылган өрдөк жана каздардын жок кылынышы үчүн 20-январга чейин убакыт берилгени сөз кылынды.
Каздын боорун экспортоодо биринчи орунда турган Францияда куш тумоонун финансылык чыгымынын азырынча 80 миллион еврого жетиши күтүлүп жатат.
Тектеш кабарлар
Индияда 46 адам сууга чөгүп каза болду
Бийлик өкүлдөрү дайынсыз жоголгон адамдарды издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдашты.
Макрон-Зеленский жолугушуусу
Макрон: "Украинанын коопсуздугу Европанын коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү" деди.