Франция качкындарга жардам бергендерди жазаландырууда

Качкындарга жардам берген Седрик Херрон күнөөлүү деп табылса 30 миң евро акчалай жаза төлөшү мүмкүн

645913
Франция качкындарга жардам бергендерди жазаландырууда

Франциянын Италия чек арасында бир дыйкандын качкындардын Францияга өтүшүнө жана өлкөдө жашоосу үчүн жардам бергендиктен соттолууда. Ниццада болгон сотто 37 жаштагы француз дыйкан Седрик  Херрон тууралуу прокуратура 8 ай абак жазасын талап кылды. Херрон күнөөлүү деп табылса 30 миң евро акчалай жаза төлөшү мүмкүн.

Херрон октябрь айында эритрелик  50гө жакын качкынды мамлекеттик темир жолдоруна таандык эски имаратка жайгаштырган болчу. Качкындар имаратты уруксатсыз колдонгондуктан аймактагы муниципалитет кызматкерлери тарабынан арыз түшкөн.

Херрон сот алдына чыгарылып жана өз үйүнө да кээ бир качкын балдарды алгандыгын айткан. 10 -  февраль күнү доо тууралуу чечим чыгаары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар