БУУнун Коопсуздук кеңешинде жаңы мүчөлөр

Эфиопия, Боливия, Казакстан, Швеция жана Италия кызматын баштады.

642333
БУУнун Коопсуздук кеңешинде жаңы мүчөлөр

БУУнун Коопсуздук кеңешинде жаңы мүчөлөр кызматын баштады.

2 жылдык кызмат мөөнөттөрү аяктаган Венесуэла, Малайзия, Жаңы Зеландия, Испания жана Ангола кеңеште кызматын өткөрүп беришти.

Бул мүчөлөрдүн ордуна 2016-жылдын июнь айында өткөрүлгөн шайлоону жеңген Эфиопия, Боливия, Казакстан, Швеция жана Италия кызматын баштады.

15 мүчөлүү БУУнун Коопсуздук кеңешинде АКШ, Орусия, Франция, Кытай жана Англия туруктуу мүчөлөр болуп саналат.

Убактылуу 10 мүчө болсо 2 жылга шайланып, жыл сайын беши  алмашып турат.

2017-жылдын аягында да Япония, Украина, Уругвай, Египет жана Сенегалдын кызмат мөөнөттөрү аяктайт жана бул мүчөлөрдүн ордуна жаңы беш өлкө шайланат.

Бир тараптан БУУнун жаңы баш катчысы Антонио Гутеррес кызматын өткөрүп алаары менен алдыңкы ишинин тынчтыктын камсыздалышы жана кагылышууларды алдын алуу болоорун билдирди.

Гутеррес дүйнө жүзүнө кайрылып: «Келгиле 2017-жылды тынчтыктын жылы деп жарыялайлы»,- деди.



Тектеш кабарлар