Нетаньяхудан Обамага вето чакыруусу

Чечим долбооруна караганда Израилдин 1967 -  жылдагы чек ара боюнча курган еврей отурукташуу жерлери мыйзамсыз деп саналат

636031
Нетаньяхудан Обамага вето чакыруусу

Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху АКШнын президенти Барак Обаманы БУУнун Коопсуздук Кеңешинде добуш берүүгө сунула турган еврей отурукташуу жерлерин мыйзамсыз деп санаган чечим долбоорун вето кылууга чакырды.

Нетаньяху жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «АКШ, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилге каршы добушка сунуштала турган чечим долбоорун вето кылуусу керек»,- деген сөздөргө орун берилди.
Испания кезектешкен башкаруучулугун алып барган БУУнун Коопсуздук Кеңешинде бүгүн баскын астындагы Чыгыш Иерусалимде болуу менен Палестина жерлеринде еврей отурукташуу жерин куруу иштеринин токтотулушун күткөн чечим долбоору бекитилет.

Чечим долбооруна караганда Израилдин 1967 -  жылдагы чек ара боюнча курган еврей отурукташуу жерлери мыйзамсыз деп саналат.

Чечим долбоорунун бекитилиши менен Израилден башта Чыгыш Иерусалимде болуу менен Палестина жерлеринде еврей отурукташуу жерлерин «дароо» токтотушу жана укуктук милдеттүүлүктөрүнө баш ийүүсү талап кылынат.

Чечим долбоорунун бекитилиши үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү АКШ, Орусия, Англия, Франция жана Кытай тарабынан вето кылынбашы жана убактылуу эң аз 9 мүчөнүн макулдугун алышы керек.

 

 



Тектеш кабарлар