Афганстанда бир Кызыл Крест Комитетинин кызматкери качырылды

Окуя тууралуу изилдөө иштери баштатылды

634119
Афганстанда бир Кызыл Крест Комитетинин кызматкери качырылды

Афганстандын түндүгүндөгү Кундуз аймагында Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин кызматкери болгон бир киши качырылды.

Кундуз коопсуздук директорлугунун генералы Касим Женгелбаг Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин кызматкерлеринин Кундуздан Багланга карай бара жатканда Кундуздун Али Абад аймагында ким экенидиги белгисиз кишилер тарабынан унааларынын токтотулгандыгын билдирди.

Унааны токтоткон куралдуу кишилердин бир кызматкерди качыргандыгын айткан Женгелбаг бул тууралуу изилдөө башташкандарын айтты. Качыруу окуясын азырынча эч ким моюнга ала элек.

 



Тектеш кабарлар