Чеченстанда кагылышуу болду
Кол салгычтардын 11и өлтүрүлдү.
633084
Орусия Федерациясына караштуу Чеченстан автономиялуу республикасында полицияларды бутага алган кол салгычтардын 11и өлтүрүлдү.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Чеченстан Республикасынын борбору Грозныйда полициялар токтотууга аракет кылган унаадан ок атылышынын себебинен кагылышуу болду.
Атышууларда 4 кол салгыч өлүп, бир полиция менен 2 кол салгыч да жаракат алды.
Окуя болгон жерден качууга аракет кылган 7 кол салгыч да жок кылынды.
Операцияларда канча коопсуздук кызматкеринин көз жумганы тууралуу болсо маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.