Халебдеги (Алеппо) акыркы абал

Сириянын адам укуктарын байкоо үйү оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү 6 райондон тең чегингендерин жарыялады.Бул абалдан кийин БУУ өз жарыясын жасады.

629624
Халебдеги (Алеппо) акыркы абал

Сириянын Халеб (Алеппо) шаарынын толугу Асад күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү.

Сириянын адам укуктарын байкоо үйү оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү 6 райондон тең чегингендерин жарыялады.Бул абалдан кийин БУУ өз жарыясын жасады.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын атайын кеңешчиси Ян Егланд, Сирия режими жана Орусияны, Халебде жеңип чыккан согушкерлер кылган кылмыштардын баарына тең жооптуу деп тапты.

Лондон борборлуу Сириянын адам укуктарын байкоочу үйү да акыркы бир айдын ичинде Халебдин оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарына карай кол салууларда 47си баладан турган 415тен ашуун жаран каза болгонун жарыялады. Жүздөгөн кишинин да Орусиянын жана режимдин абадан кол салуусунда жаракат алганына көңүл бурду.

Башар Асад режими жана Иран башкаруусундагы шиит согушкерлер басып алган райондордо жарандарга карай кыргын салуусун баштады. Кыргын салуулар болуп жаткан аймактардагы маалымат булактардан алынган маалыматка караганда шиит террорист күчтөр, Халебдин чыгыш жактарында текшерүүсүн колго алган Фирдевс жана Келлесе райондорунда көп сандаган жаранды өлтүрүп койду.

Көргөн күбөлөрдөн бири шиит террористтердин 4 аял менен 9 баланы тирүүлөй өрттөгөнүн, 67 эркекти да атып таштаганын айтты.

БУУнун баш катчысынын өкүлү Стеффан Дужаррик жазуу түрүндөгү жарыясында баш катчы Пан Ги Мундун Халебде бала жана аялдар да арасында турган көп сандаган жаран кыргынга учураган кабарларынын себебинен дүрбөлөңгө түшкөнүн билдирди.

Пандын Халебдеги жарандар үчүн санааркоосуна байланыштуу тараптарга жиберген жана Сириянын атайын элчисине темага тараптар багытында байкашы үчүн буйрук бергенин белгилеген Дужарриктин жарыясында, «БУУ, аянттагы бардык тараптарды жарандарды коргоо жана эл аралык адамкерчилик укугуна баш ийүү милдеттерин эскертүүдө. Бул өзгөчө Сирия өкмөтү жана шериктештеринин жоопкерчилиги»,-деп айтты.

Бир тараптан АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Жон Кирби, америкалык жана орусиялык жооптуу кызматтагылар жолугушуп Халебде ок атууну токтотуу үчүн сүйлөшкөнүн белгилеп кетти. Сүйлөшүүдөн майнап чыкпаганын белгилеген Кирби: «Абдан капа болуудабыз, бирок Орусияынын Халебде ок атууну токтотууга жакындабоосуна таң калган жокпуз»,-деди.

Кирби, Халебде жарандар бутага алына баштагына көңүл буруп, бул абалдын кабыл алынгыс экендигин айтты. Катчы адамдардын аймактан тышка чыга алышы үчүн бомбалоолор токтошу керектигин баса белгиледи.

Ак үйдүн катчысы Жош Эрнест да күнүмдүк маалымат жыйынында зомбулуктун токтотулушуна карай көптөн бери жүргүзүп жатышкан сүйлөшүүлөрдүн Орус жана ирандыктар колдогон Сирия режими тарабынан четке кагылганын эске салып: «Жалгыз эле Халебде эмес, бүтүндөй Сирияда дипломатиялык чечим табылышы үчүн аракет кылууга даярбыз, бирок оптимист эмеспиз»,-деди.

АКШ башкаруучулугунун Халебде болгондор туурасында «катуу капа болушу» уланып жатканын белгилеген Эрнест: «Карапайым калк көптөн бери чоң коркунучка дуушар болушту. Абал дагы да начарлап жатат. Зомбулукту азайтууга жана гуманитардык жардамдардын агымын азайтууга карай аракеттерибизге карабасан орустар колдогон Асад режими, карапайым адамдарды жок кылуу үчүн бомбалоосун улантууда. Коркунучтуу абал жана оңолчудай көрүнбөйт»,-деп айтты.

Халеб 2012-жылдан бери режим күчтөрү менен оппозициячылдардын арасында бөлүнгөн абалда болчу.



Тектеш кабарлар